АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы
2023-жылдын 28-декабрындагы № 62
Акман айыл аймагынан Коргон-Джар айылын каттоодон чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 18-декабрындагы №01-13/591 сандуу катына негиз, тиркемеде суралган Коргон-Джар айылы Акман айыл аймагынын курамында болгондугу анык.
Бирок 1998-жылы 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №931-1-15 токтомунун негизинде Талдуу-Булак айыл аймагы болуп уюшулганда Коргон-Джар айылы Талдуу-Булак айыл аймагынын курамына киргизилген жана бүгүнкү күндө аталган айыл аймактын курамында болуп келет.
Акман айыл аймагында Коргон-Джар аталыштагы айыл каттоодо жок экендиги боюнча Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Акман айыл аймагында Коргон-Джар аталышындагы 41 703 207 808 050 сыр белгиси менен айыл каттоодо жок деп эсептелип, мамлекеттик каттоодон, бардык отчеттуулуктан чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү жактарга сунуш берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконовго милдеттендирилсин.
5. Токтом Акман айылдык кеңешинин WWW.akman.kg веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Тилекеев |