Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК- ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясынын

2023-жылдын 29-декабры № 7

“Материалдык жардам жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясы, материалдык жардам сурап кайрылган Бешик-Жон айыл аймагынын жашоочуларына жарандардын арызын канааттандырууда берилүүчү материалдык жардамдын суммасын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Бешик-Жон айыл аймагынын жашоочуларына бир жолку берилүүчү материалдык жардамдын суммасы төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

-эне сүтүн алмаштыруу, тамак-аш азыктарына, көмүр, 1000(миң) сомдон 3000 (үч миң) сомго чейин;

-ден соолугунун абалына байланыштуу ар түрдүү маселелерге, көзү азиздер жана дүлөйлөргө, 1000 (миң)сомдон 5000 (беш миң) сомго чейин;

-оор абалдагы операция жасатуу жана орган алмаштыруу операцияларына 5000(беш миң) сомдон 20 000 (жыйырма миң) сомго чейин;

-дүйнө чемпиону болгон спортсмендерге жана Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген атуулдар каза болсо 20 000(жыйырма миң) сомдон 60 000 (алтымыш миң) сомго чейин;

2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселери боюнча туруктуу ” комитетине жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Чолпонбаев