Редакцияот 10.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ

 

Ысык-Көл айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын I сессиясы

2024-жылдын 10-январындагы № 3

 

Ысык-Кѳл айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн

тарифти бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык “Таза Мурас ’’Муниципалдык ишканасынын жетекчиси И.Лихобабинанын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ысык-Кѳл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.                   Ысык-Кѳл айыл аймагынын таштанды чыгаруу үчүн тѳлѳмдѳр, ар бир кожолуктан жана ишкана-мекемелерден айына 110 сом өлчөмүндө алынсын.

2.                   Токтомдун аткарылышы ’’Таза Мурас” муниципалдык ишканасынын жетекчиси И.М.Лихобабинага ташиырылсын.

3.                   Бул токтом Мамлекеттик укуктук актыларынын реестирине киргизүү жана каттооүчүн Областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага                                                                                                               Т.Акунов