Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ

 

Ысык-Көл айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын II сессиясы

2024-жылдын 29-январындагы № 4

Жайыттарды пайдаланууга акы толөмдөрүн кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” № 192 сандуу токтомунун жана Ысык-Кѳл айыл аймагынын “Таза Мурас” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси И.Лихобабинанын маалыматын угуп жана талкуулап Ысык-Кѳл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Түп районунун токой чарбасынын жана Муниципалдык ишканасынын ортосундагы макулдашуунун

Жайытына баруучу малдарга жай мезгилинде 3 ай (90 күн) жайылганына байланыштуу төмөндөгүдөй жайыт акы белгиленсин:

-Бодо малга (уй, жылкы) 1 башына-100 (жүз) сом.

-Кой-эчки 1 башына-25 (жыйырма беш) сом.

2.Жер салыгы жайыт акы дан тышкары төлөнсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын Муниципалдык ишкананын жетекчиси И.Лихобабинага жүктөлсүн.           

 

 

Төрага

 

Т.Акунов