Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ
Ысык-Көл айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 29-январындагы № 2
Жайыт жерлерди которууга (трансфармациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Көл айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин жогорулатуу, жайыт ресурстарын үзгүлтүксүз, сарамжалдуу, туруктуу пайдалануу жана ошондой эле кышкы туризм тармагын өнүктүрүү максатында,, “Эко-город Каркыра” ишканасынын кайрылуусун карай Ысык-Кѳл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Кѳл айыл аймагынын “Чымынды-Сай” участогундагы запастагы
жерлердин эсебинен №1 контур 0,1 га, №2-контур 0,2 га, №3-контур 0,4 га,-№4-контур 0,7 га, №8 -контур 9,3 га, №9-контур 8,2 га, № 10- контур 3,2 га, №11-контур 1,9 га, № 12-контур 12,1 га, № 15-контур 0,4 га, № 16-контуру 4,8га, жалпы 41,3га запастагы жерлер Ѳнѳр жай, транспорт,байланыш,коргоо жана башка багыттагы жер
категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Кѳл айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы У.Бозгуновго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жана катто үчүн Областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсун.
Төрага Т. Акунов