Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК- ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясынын

2023-жылдын 29-декабры № 6

“Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айыл тургуну мамановдун арызы, Жон айылынын ынтымак көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча келген жашоочулардын арызы жана жеринде өткөрүлгөн көчө тургундарынын жыйынына негиз айыл өкмөт башчысынын сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жон айылындагы Ынтымак көчөсү Чолпонбаев Токтосун атындагы көчө болуп кайра өзгөртүлсүн.

2.              Бешик-Жон айылындагы Колдошов көчөсүнүн жанындагы бош көчөгө Маманов Рысбектин ысымы ыйгарылсын.

3.              Бул токтомду мыйзам чегинде документ иштерин жүргүзүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

4.              Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселери боюнча туруктуу комитетине” жүктөлсүн.

 

 

Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Чолпонбаев