Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ

 

Ысык-Көл айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын IV сессиясы

2024-жылдын 29-мартындагы № 1

 

Ысык-Кѳл айыл аймагынын 2024-жылдын талаачылык жана

жайыт кызмат акыларын бекитүү жөнүндө

2024-жылдын жазгы талаачылык айдоо себүү кызмат акылары, жайлоого чыкчу малчылардын кызмат акыларын, жайыттарды пайдалануунун акысы жана айдоо талаа жерлерге мал кирип кеткен үчүн айып пул салуу жөнүндө маселени талкуулап Ысык-Кѳл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.2024-жылдын жазгы талаачылык айдоо-себүү тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:

Жер айдоо 1000сом, күйүчүү май 20 л

Жер себүү   400сом күйүчүү май 7 л

Тырмоо 300 сом, күйүчүү май 7 л

Чөптүү тырмоо  200 сом, күйүчүү май 5 л

Мала   500 сом, күйүчүү май 10 л

Фреза 500-1000 сомго чейин

Чөптү чабуу  1500 сом, күйүчүү май 20 л

Германка     900 сом, күйүчүү май 7 л

 Эгин чабуу комбайн акысы  1000 сом, күйүчүү май 20 л

Пресс  8 сом, күйүчүү май 7 л

Эгин,чөп  ташуу автоунаа акысы  500 сом күйүчүү далил менен

Эспарцет тазалоо 1тонна  800 сом

Эгин тазалоо 1 тонна 600 сом

-Айдоо аянтарын,талаа жолдорун жана арыктарын жээктерин соко менен айдап техника менен тебелеп жол салып алгандарга айып пул 2000 сом өлчөмүндө салынсын. 

2.2024-              жылына карата жайлоого багуу жана айыл ичиндеги бада акысы төмөнкүдөй бекитилсин:

Бодо мал (уй,жылкы)- 600 сом, биринчи айы 750 сом ( тузу, жайыт акысы ичинде)

Кой-эчки 150 сом, биринчи айы 200 сом (тузу, жайыт акысы ичинде)

3.Малдар айдоо жерлерге кирип кеткен үчүн айып пул төмөнкүдөй бекитилсин:

2024-жылдын апрель айынын 1 нен баштап талага мал чыгарууга тыюу салынат.

4.Ысык-Кѳл айыл аймагына тиешелүү Михайловка, Ысык-Кѳл ,Тогуз-Булак, Ынтымак жана Сары-Булун айылдарынын мал жандыктары алыскы жайыткакөчүп кетүү жана кайра көчүп келүү мөнөөттөрү төмөнгүдөй бекитилсин: -Жайлоого жайыттарга малды чыгаруу 2024-жылдын 20-майына чейин көчүү; -Жайлоодон көчүп келүү жагы 15-сентябрь айынан кийин;

-Жайлоого өз убагында көчпөй койгон жана эрте көчүп келип алган малчыларга, жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө 7500 миң сом айып пул салынсын.

5.Көл жээктеги пляждардын ижара акысы төмөнкүдөй бекитилсин:

Бир жаранга берилүчүү жердин аянты 0,05га, ижара акысы 0,01 га -294 сом менен бекитилип келишимдин негизинде берилсин.

6.Айыл ичинде таштанды таштаган жаранга айып пул 3000 сом салынсын.

7.Айылдык Кеңештин бул токтомун калкка жеткирүү жана Ысык-Көл областык юстициябашкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы Г.Карымбаевага жүктөлсүн.

8.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ысык-Көл айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына, ”Таза-Мурас” муниципалдык ишканасынын жетекчиси И.Лихобабинага жана Аксакал сотунун төрагасы Б.Жылкыбаевге жүктөлсүн.

9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ысык-Кѳл айыл аймагынын айыл ѳкмѳт батнчысы У.Бозгуновго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                             Т. Акунов