БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Боз-Учук айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы
2024-жылдын 19-январындагы № 1
Боз-Учук айыл аймагынын айылдык кенешинин
регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү регламентти жетекчиликке алып Боз-Учук айылдык кенеши токтом кылат :
1. Боз-Учук айыл аймагынын айылдык кенешинин регламенти бекитилсин. (регламент тиркелет.)
2. Боз-Учук айыл аймагынын айылдык кенешинин регламенти айыл өкмөтүнүн сайтына жарыяланып Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Боз-Учук айылдык кенешинин 28-чакырылышынын 2021-жылдын 15-майындагы №2 “Боз-Учук айылдык кенешинин регламентин бекитүү жөнүндөгү” токтом күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомду аткарууга алып көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук коргоо, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.Термечиков