ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХV-сессиясы
2024-жылдын 28-марты № 125
Замирбек Кожоновдун арызы жөнүндө
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезексиз отуз бешинчи сессиясына сунушталган айылдык кеңештин төрагасы К.Замирбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгу жазган арызын талкуулап чыгып айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат .
1. Исхак –Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы З.Кожоновдун берген арызына ылайык айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укугу 28.03.2024-жылдан баштап токтотулсун.
2. Токтомду аткарууга алуу Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э. Камилжановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4. 4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төраганын м.а. | Камилжанов Э.Ш |