Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Боз-Учук айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы

 

2024-жылдын 19-январындагы № 2

 

Боз-Учук айылдык  Кенешинин 2024-жылга

иш-планын бекитүү жөнүндө

 

           Боз-Учук айылдык Кенешинин 2024-жылга иш-планын карап чыгып жана депутаттар арасындагы талкуудан кийин айылдык Кенеш

 

токтом кылат:

 

1.               Боз-Учук айылдык Кенешинин 2024-жылга иш-планы бекитилсин.

2.               Ар бир кварталда  кенештин иш-планына  толуктоолор  жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

3.               Токтом ММКга жарыялансын жана басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4.               Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жооптуу катчы  З.Дюшембиевага   жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                       Б.Термечиков