КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаттарынын ХХIX чакырылышынын кезектеги 24 - сессиясы
2021-жылдын 10-декабыры № 20
Айыл аймактын айылдарындагы турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкелерди трансформациялоо иштери жүрүүдө. Ушуга байланыштуу турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкелердин өлчөмү кайрадан талкууга алынып, учурда жер алууга кезекке турган адамдар көп экенин жана жерлер аз болгонун эске алып, айылдык кеңештин депутаттары токтом кылат:
1. Айылдар боюнча турак жай салууга жеке менчикке берилүүчү жер тилкелердин төмөнкү өлчөмдөрү бекитилсин:
Жаңы-Арык айылы боюнча 0,07 га
Тегизчил айылы боюнча 0,10 га
Боз-Булуң айылы боюнча 0,10 га
Кара-Жал айылы боюнча 0,10 га
Багбанчылык дача участокторуна 0,05 га
2. Турак жай салууга жер тилкелерин берүүдө мыйзамдардын талаптарын кынтыксыз аткаруу жагы айыл өкмөт башчы С.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКга жарыялангандан кийин юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Жумушев Р.О. |