Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы

 

2024-жылдын 12-февралындагы № 8      

 

Жайыттар комитетинин 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы

жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

          Боз-Учук айыл аймагындагы Жайыттар комитетинин бухгалтери Ж.Токомбаевдин 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдагы бюджети жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш токтом кылат :

1.              Жайыттар комитетинин 2023-жылдагы бюдетинин аткарылышы эске алынсын жана 2024-жылга бюджети №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)  Малдын саны такталгандан кийин жайыттар комитетинин бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.              Жайыттар комитетине милдеттендирилсин:

-       Малчыларды жайытка көчүрүү боюнча маршруттарды иштеп чыгуу жана көчүрүү;

-       Малчылар менен келишим түзүү жагы;

-       Сырт өрөөнүндөгү жайыттарды эффективдүү пайдалануу, жакынкы жайлоолорду эс алдыруу, деградациянын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү;

3                 Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.

4                  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын. 

5. Токтом ММКга   басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

 

6. Токтомду  аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго, көзөмөл бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                      Б.Термечиков