Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы

 

2024-жылдын 12-февралындагы № 9

 

Боз-Учук айыл аймагындагы айыл чарба категориясындагы

жер тилкелерди башка категорияга жана түрүнө  которууга

 (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө

 

            Боз-Учук айыл өкмөтүнүн жер  маселелери жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси А.Адыгуловдун айыл аймактагы №1317- контурундагы 1,20 га, №417-контурунда 0,50 га, №1049 контурундагы 0,25 га, №1041, 1042 –контурларда 0, 25гадан  0,50 га , №664-контурда 0,70га, №671 –контурда 0,40 га, №1225-контурундагы 0,30 га, №1222- контурдун 0,30 га    жер тилкелерин башка категорияга жана түрлөрүнө которууга  (трансформациялоого) уруксат берүү жөнүндөгү  кайрылуусунун жана жер комиссиясынын 2024-жылдын 7-февралындагы отурумунун чечиминин  негизинде,  айылдык кенештин депутаттарынын талкуусунан кийин айылдык кенеш токтом кылат :

  1. Айыл аймактагы төмөндөгү жер тилкелер башка  категорияга жана түрлөрүнө   которуугауруксат  берилсин :

-  №1317- контурундагы 1,20 га айыл чарба категориясындагы жайыт жер түрүндөгү жер тилкесин, анын ичинен 0,60 га   айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө, 0,60 га жер тилкеси көп жылдык мөмө жемиштердин түрүнө;

-№417-контурунда 0,50 га айыл чарба категориясындагы жайыт жер түрүндөгү жер тилкесин өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка жерлер категориясына;

- №1049-контурундагы 0,25 га, , №1041-контурда 0,25 га,  №1225-контурдагы 0,30га, №664-контурдагы 0,70 га, №671-контурдагы 0,40 га,  №1042-контурдагы 0,25га, бардыгы 2,40 га айыл чарба категориясындагы жайыт жер түрүндөгү жер тилкелерин айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө;

- №1222-контурунун 0,05 га айыл чарба категориясындагы жайыт жер түрүндөгү жер тилкелерин айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлер түрүнө, калган 0,25 га жер тилкеси  айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиштердин түрүнө.

    2. Жогорудагы жерлерди тийиштүү категорияларга которуу (трансформациялоо) боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго милдеттендирилсин. 

    3. Токтом ММКга жарыялансын жана басылып чыккан күнү юстиция органына   Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.       

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго    жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                       Б.Термечиков