Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Боз-Учук айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы

 

2024-жылдын 12-февралындагы № 11 

 

Айыл аймагындагы ижарага бериле турган мамлекеттик

фондунун жерлеринин баштапкы бааларын бекитүү жөнүндө

 

            Боз-Учук айыл аймагында 2023-жылы ижара келишимдери бүткөн мамлекеттик фондунун 120 гектар жерлерин ижарага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Адыгуловдун маалыматын угуп жер комиссиясынын 2024-жылдын 23-январындагы отурумунун чечимин карап жана  талкуулап айылдык кенеш

 

токтом кылат :

 

1.         Айыл аймагындагы мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү үчүн  кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын протоколунун чечими бекитилсин.

-        Төмөндөгү жерлер аукцион менен берилсин:

-        100-контур – 10,20 га – баштапкы баасы 15000 сом, кадамы 1000 сом,

-        536-контурдун 2гектар жери – Жаннат-плюс бала бакчасына берилсин,

-        536-контурдун 2,70 га М.Жусупов орто мектебине калтырылсын.

-        536-контурдун 0,50 га жер тилкеси Ново-Вознесеновка айылынын бадачысы Кайбылдаев Сапарбекке берилсин.

-        3-контурдан 20  гектар жер – баштапкы баасы -5000 сом, кадамы -500 сом.

-        835 -контур  - 2га – баштапкы баасы 11600 сом, кадамы- 500 сом.,

-        9-контур Соколовка -3га жер. баштапкы баасы 5000 (беш миң ) сом, кадамы   500 (беш жүз) сом,

2.                    Конкурс менен бериле турган жерлер:

-        77,68,69- контурлар 13,40 га баштапкы баасы  2600 сом,

-        719-контур   3га, Алтымыштагы жер тилкеси баштапкы баасы 2600 сом,

-        619-контур   25,80га Жыргалаң –баштапкы баасы -  500 сом,

-        794- контур  5га  Алма бак, баштапкы баасы -   1000 сом.

-        268 -контур  10га баштапкы баасы- 2600 сом,

-        214-контур 2,70га , баштапкы баасы- 2600 сом,

-        215-контур 4га , баштапкы баасы- 2600 сом,

-        200-контур 3 га, баштапкы баасы- 2600 сом,

-         226-контур 1,40га,  баштапкы баасы- 2600 сом,

-        204-контур 1,70га, баштапкы баасы- 2600 сом,

-        221-контур  3,60га, баштапкы баасы- 2600 сом,

-        197-контур 5,90га жер , баштапкы баасы- 2600 сом,

3. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча    иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго милдеттендирилсин. 

4.Токтом ММКга жарыялансын жана басылып чыккан күнү юстиция органына   Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.       

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго    жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                       Б.Термечиков