Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVII сессиясынын

 

2024-жыл 19-февралы №534

 

“Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесин түзүү жөнүндө”

      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Терек-Сай айылдык кенеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.”Сумсар ” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин жана “Терек-Сай” айыл аймагынын айылдык кеңеши “ мекемесин бириктирүү жолу менен “Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

1.1 Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: “Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемеси.

-Расмий тилде :Учреждение “Айылный кенеш Терек-Сайского айылного аймака”

-1.2.Кыскартылган фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: “Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кенеши” М-и.

Расмий тилде: У-е “Айылный кенеш Терек-Сайского айылного аймака”

2. “Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы Жалал-Абад облусу Чаткал району Терек-Сай айылы К.Турдалиев көчөсү № 11 болуп аныкталсын.

3.“Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “ убактылуу жобосу бекитилсин.

4.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

5.Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн

тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

6. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

8.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Терек-Сай айылдык Кеңешинин www.terek-say-kenezh.qov.kg сайтына жарыялансын.

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.