КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 6-октябрындагы № 3
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевдин Калмак-Кырчын айылынын тургуну Турдукулов Афтандил Култаевичтин ысымын Калмак-Кырчын айылындагы Нураков Жалил көчөсүнун батыш тарабындагы жаңы конуштун ортосундагы 600 метр аралыкты камтыган көчөгө “Култай ажы уулу Афтандил” атындагы көчө ысымын коюп берүүнү сурап жазган кайрылуусун жана Курманбек айылдык кеңешинин депутаты К.Исмаиловдун сунушун айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Калмак-Кырчын айылынын Нураков Жалил көчөсунүн батыш тарабындагы жаңы конуштун ортосундагы 600 метр аралыкты камтыган көчөгө “Култай уулу Афтандил” ысымы ыйгарылсын;
2. Берилген көчөнүн жолуна шагыл төшөө жана тазалыгын кароо жагы Турдукулов Афтандилдин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдо көрсөтүлгөн шарттар бир жылдын ичинде аткарылбаса токтом жокко чыгары кайрылуу ээсине жана үй-булөсунө эскертилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Биримкулов |