КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 6-октябрындагы № 4
“Курманбек айыл өкмөтү тарабынан Жалал-Абад областык Өнүктүрүү Фондуна сунушталуучу долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Эрматованын Кара-Чолок айылында курулуп жаткан бала-бакчанын курулушун тоолук бүткөрүү үчун Жалал-Абад областык Өнүктүрүү Фондуна сунушталуучу долбоорду колдоо боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнун Кара-Чолок айылында курулуп жаткан бала-бакчанын курулушун тоолук бүткөрүү үчун долбоор Жалал-Абад областык Өнүктүрүү Фондуна сунушталсын
2. Долбоорго Курманбек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен 2633 000 (эки миллион алты жүз отуз үч миң) сом өздүк салым катары каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Биримкулов |