Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябрындагы № 8

 

Көчөгө ат коюу жөнундө

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Калмак-Кырчын айылынын түндүк-түштук альтернативдик жолунан тартып Калмак-Кырчын жана Жаңы -Айыл, кичи айылдарынын ортосунан Сары-Булак кичи айылына кеткен көчөнүн кашатына чейинки 600 (алты жүз) метр аралыкты камтыган жерге Калмак-Кырчын айылынын тургуну Омошев Кеңешбектин наамын берүү жөнүндөгү Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевдин кайрылуусун Курманбек айылдык кеңешинин депутаттарынын угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ :

 

1. Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Калмак-Кырчын айылынын түндүк-түштук альтернативдик жолунан тартып Калмак-Кырчын жана Жаңы -Айыл, кичи айылдарынын ортосунан Сары-Булак кичи айылына кеткен көчөнүн кашатына чейинки 600 (алты жүз) метр аралыкты камтыган жерге Калмак-Кырчын айылынын тургуну Омошев Кеңешбектин наамы ыйгарылсын;

 

2. Берилген көчөнүн жолуна шагыл төшөө жана тазалыгын кароо жагы Омошев Кеңешбектин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдо көрсөтүлгөн шарттар бир жылдын ичинде аткарылбаса токтом жокко чыгары кайрылуу ээсине жана үй-булөсунө эскертилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.Биримкулов