ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясынын
2024-жыл 29-январь №497
“Чаткал районунун Ооган согушунун ардагерлерине Россия Федерациясы тарабынан берилүүчү баалуу белектерге акча каражатын карап берүү жөнүндө”
Чаткал районунун Ооган согушу ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Хакимбековдун Россия Федерациясы тарабынан берилүүчү баалуу белектерге акча каражатын карап берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал районунун Ооган согушу ардагерлерине Россия Федерациясы тарабынан берилүүчү баалуу белектерге 36 000 (отуз алты миң) акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
- Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |