Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясынын

 

2024-жыл 29-январь  №499

 

“Ош шаарында өткөрүлүчү волейбол боюнча түштүк лиганын 2-туруна барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндө”

Болуш айылынын машыгуу залынын тренери Ж.Ташболотовдун Ош шаарында өткөрүлүүчү волейбол боюнча түштүк лиганын 2-туруна барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ош шаарында өткөрүлүүчү волейбол боюнча түштүк лиганын 2-туруна барып келүүгө 25  000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.