Редакцияот 04.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 04-октябры № 02

“Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайына (мындан ары - Курултай) Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо күнү - 2022-жылдын 5-ноябрында (ишемби күнү) саат 10:00дө белгиленсин, дареги: Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү, 2 (В.И. Ленин атындагы Шаардык маданият сарайы).

2.              Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.              Курултайга өкүлчүлүктүн нормасы 200 делегат болуп белгиленсин.

4.              Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн чогулушунун графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.              Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:

- 2022-жылдын 31-октябрына чейин Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү жамааттардын чогулушун өткөрүлсүн;

- Кара-Балта шаарынын калкын боло турган Курултай жөнүндө маалымдоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүлсүн;

- Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайынын күн тартибинин долбоорун Курултайда бекитүү үчүн иштелип чыксын.

6. Кара-Балта шаарынын мэриясы Курултайды уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерге көмөк көрсөтсүн.

7. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы – Дүйшөналиев Мирбек Кубанычбековичке, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы – Сарсембаев Галым Арипжановичке жүктөлсүн.

_____________________________________________________________________

Таркатылсын: көктөмөгө,ТДКга, ЖРМАга, ММК, Кара-Балта шаарынын мэриясына

 

Кеңешинин төрагасы

М. Дуйшеналиев

Кара-Балта шаардык кеңешинин

2022-жылдын "04" октябрындагы

№ 02  токтомуна

1 Тиркеме

 

 

Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын

Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын

КУРАМЫ

 

Комиссиянын төрагасы:

1.              Дуйшеналиев М.К. – Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы;

Комиссиянын төрагасынын орун басары:

2. Шыгаева Н.А. – “Ыйман Нуру” с/п депутаты, социалдык маселелер боюнча тдк мүчөсү;

Комиссиянын катчысы:

3. Кожомкулова Г.А. – Кара-Балта шаардык кенешинин жооптуу катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

4.       Кара-Балта шарынын мэриясынын өкүлү – макулдашуу менен;

5. Ачакеева А.Б. – социалдык маселелер боюнча тдк орун басары (саламатты сактоо, экология, спорт, маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу);

6. Асаналиев А.У. – «Күчтүү коом –Сильное общество» с/п депутаты, социалдык маселелер боюнча тдк мүчөсү (саламатты сактоо, экология, спорт, маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу);

7. Аманов А.Г. – “Социал Демократтар” с/п  депутаты, өнөр жай, транспорт, шаар куруу жана архитектура боюнча тдк мүчөсү;

8. Билялова А.Б. – “ЭлАман” с/п лидери, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча тдк мүчөсү;

9. Токтуева М. К. – Кара – Балта шаарынын БМжанаБ тобунун төрайымы, жергиликтүү коомчулуктун мүчөсү.

 

  

Кара-Балта шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

 

 

Г.А. Кожомкулова

Кара-Балта шаардык кеңешинин

2022-жылдын "04" октябрындагы

№ 02  токтомуна

2 Тиркеме

 

 

Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайга делегаттарын көрсөтүү үчүн  Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамааттын чогулуштарын өткөрүү боюнча

МЕРЧЕМИ

 

1.              Жайыл райондук маданият үйүнүн административдик имараты - 15 октябрь 2022 жыл саат 11-00;

2.              В.И. Ленин атындагы Шаардык маданият сарайынын административдик имараты - 29 октябрь 2022 жыл саат 11-00.

   

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

 

 

Г.А. Кожомкулова