Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябрындагы № 14

“Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы, Курманбек айыл аймагынын Калмак-Кырчын айылынын тургуну Джолдошев Асилбектин Таран-Базар айылынын Тамга-Терек участкасынын №3682 контурунда жайгашкан ижарага алып пайдаланып жүргөн 1,10 га жер аянтын айыл өкмөттүн балансына алып берүүнү сурап жазган кайрылуусун, Курманбек айыл өкмөтүнун 15.03.2020-жылдагы № 22 токтомун, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 11.06.2018-жылдагы № 01-16/178 катын жана Жалал-Абад областынын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 01.06.2018-жылдагы № 301 сандуу берген маалыматын Курманбек айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап,төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ :

 

1. Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар айылынын Тамга-Терек участкасындагы № 3682 контурунда жайгашкан, курулуш алдындагы 1.10 га жер аянты муниципалдык менчике алынсын;

 

2. Тийиштүү кагаздарын буткөрүү жана көзөмөлдөө жагы Курманбек айыл өкмөтүнун башчысы Н.Түгөйбековко милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айылдык кеңешинин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.Биримкулов