КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 6-октябрындагы № 15
“Фондтун жерлерин ижарага берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы, Курманбек айыл аймагындагы фондтун жерлерин ижарага берүүдө айыл өкмөтүүн социалдык жактан муктаж 25 (жыйырма беш) жаранга 2 га дан жер берүү жана калган жарандарга жер тегиз жетүүсү үчун аукцион аркылуу берилүүчу жерлер 3 га дан ашпасын деген айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун карап, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ :
1. Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу жашоо шарты начар жана социалдык колдоого муктаж 25 (жыйырма беш) үй-бүлөгө 2 га дан жер аянты ижарага берилсин;
2. Фондтун аукцион аркылуу ижарага берилген жерлери ар бир жаранга 3 га дан ашпастан бөлүнуп, ижарага берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айылдык кеңешинин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Биримкулов |