Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясынын

 

2024-жыл 29-январы №501

 

“Терек-Сай айылындагы машыгуучу залга керектүү инвентарларды алууга акча каражатын карап берүү жөнүндө”

 

         Терек-Сай айылындагы машыгуучу спорт залга керектүү болгон инвентарларды алууга акча каражатын карап берүү жөнүндөгү спорт залдын машыктыруучусу Ч.Жаркуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Терек-Сай айылындагы машыгуучу спорт залга керектүү болгон инвентарларды алуу үчүн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.