ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVI–сессия
2023-жылдын 28-ноябрындагы № 5
Жердин категориясын өзгөртүп берүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айылынын тургуну Кадырбеков Нурадылга таандык Ленин айылынын А.Исманов көчөсүндөгү № 1-үйү 26.07.2006-жылы Ленин айыл өкмөтүнүн №14-чечими менен таштанды таштаган, өздөштүрүүгө жана көрктөндүрүү багытындагы жер аянтынан 0,13га жер аянтты турак жай салуу үчүн берилгендигине байланыштуу, жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссиясынын отурумунда каралып, берилген сунушунун негизинде жердин категориясын которууга макулдук берүү үчүн Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ленин айылынын тургуну Кадырбеков Нурадылга таандык Ленин айылынын А.Исманов көчөсүндөгү № 1-үйү 26.07.2006-жылы Ленин айыл өкмөтүнүн №14-чечими менен таштанды таштаган, өздөштүрүүгө жана көрктөндүрүү багытындагы жер аянтынан 0,13га жер аянтты турак жай салуу үчүн берилип, бүгүнкү күндө турак жай салып жашап жатышкандыгына байланыштуу 0,13га жер аянттын там арка категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышны көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөргөн күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |