АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 15-3
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын
4-декабрындагы
“Айыл аймактарды бириктирүүдө келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын кароо жөнүндөгү” №9-1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо
киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы “Айыл аймактарды бириктирүүдө келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын кароо жөнүндөгү” №9-1 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункту төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:
РСК Банк” ААК аркылуу 5 жылдык мөөнөткө лизингге 17 % пайыз менен ZZ3327S3847E үлгүсүндөгү 2 даана Хово жана R140W-9S үлгүсүндөгү 1 даана Хёндай эксковаторун алууга макулдук берилсин;
2) 3-пункту төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:
Өздүк салымдан сырткары “РСК Банк” ААКнан алынуучу лизингдин суммасы 11 392 200 (он бир миллион үч жүз токсон эки миң эки жүз) сомду түзгөндүгү белгиленсин;
3) 2-пункт менен жазылган “Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Жапаровго милдеттендирилсин;” деген сөздөр алынып салынып, төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Толубаев |