Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVI–сессия

 

2023-жылдын 28-ноябрындагы № 10

 

Жылуу -Булак участкасындагы сайдын боюнан убактылуу ижарага жер бөлүп берүү жөнүндө

Жыгач-Коргон айылынын тургуну Молдазимов Ниязбек Жылуу-Булак участкасындагы сайдын борюнан балык өстүрүү үчүн убактылуу ижарага 0,15га сотих жер сурап кайрылган арызын жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссия курамынын отурумундагы сунушунун негизинде токтом кылат:

 

1. Жыгач-Коргон айлынын тургуну Молдазимов Ниябекке Жылуу-Булак участкасындагы сайдын боюнан балык өстүрүү үчүн 0,15га сотих жер убактылуу пайдаланууга бөлүнүп ижарага берилсин.

2. Эгерде табигый, жаратылыш кырсыктары болуп сел жүрүп, суу каптап кетсе өзүнүн макулдугу менен кеткен чыгымдарына айыл өкмөт тарабынан компенсация төлөнүп берилбейт.

3. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .

 

5. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Н.Калмуратов