Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVII–сессия

 

2023-жылдын 27-декабрындагы № 3

 

Жашап жаткан турак жай үйүнө тиешелүү иш кагаздарын даярдоого уруксат берүү жөнүндө

Орто-Сай айылындагы Ө.Бегимкулов көчөсүнүн №23-үйүнүн тургуну Камчыбек уулу Кубанычбек жашап жаткан турак жайы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин каттоосунда ээси жок болуп катталып калгандыгына байланыштуу тиешелуу документтин жасатуу үчүн жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:

 

1. Орто-Сай айылынын Ө.Бегимкулов көчөсүнүн №23 үйүнүн тургуну Камчыбек уулу Кубанычбек жашап жаткан үйүнүн 0,28 сотих турак жайына тиешелуу документтин жасатуу үчүн уруксат берилсин.

 

2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .

 

4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Н.Калмуратов