ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVII–сессия
2023-жылдын 27-декабрындагы № 4
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп, туризимди өнүктүрүү багытында иш алып баруу үчүн убактылуу ижарага жер берүү жөнүндө
Жыгач-Коргон айылынын тургуну Исаков Максатбек Жыгач-Коргон айылынын кире бериш жеринен 1 га жер аянттын убактылуу ижарага алып көрктөндүрүп, жашылдандырып туризимди өнүктүрүү багытында иштетүүгө жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:
1. Жыгач-Коргон айылынын тургуну Исаков Максатбек Жыгач-Коргон айылынын кире бериш жеринен 1 га жер аянтына көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туризимди өнүктүрүү багытында иш алып баруу үчүн убактылуу 7 (жети) жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |