ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVII–сессия
2023-жылдын 27-декабрындагы № 5
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп, туризимди өнүктүрүү багытында иш алып баруу үчүн убактылуу ижарага жер бөлүп берүү жөнүндө
Ленин айылынын тургуну Жанчарова Айгүл 2011-жылы Жыгач-Коргон айылынын үстүнөн К-203төн саздакка айланып, көп жылдан бери пайдаланылбай калган (үрөйү учкан жер) 0,70 га жер аянттын убактылуу ижарага алып көрктөндүрүп, жашылдандырып, туризимди өнүктүрүү багытында иштетип келе жаткан жердин мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу кайрадан ижара мөөнөттүн узартууга жазган арызын, жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:
1. Ленин айылынын тургуну Жанчарова Айгүл Жыгач-Коргон айылынын үстүнөн К-203төн саздакка айланып, пайдаланылбай калган 0,70 жер аянтына көрктөндүрүп, жашылдандырып жана бак тигип, туризимди өнүктүрүү багытында 2011-жылдан бери иш алып барып келе жаткан жердин ижара мөөнөттү бүтүп жаткандыгына байланыштуу ижара мөөнөттүн 7 (жети) жылдык мөөнөткө узартууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |