Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVII–сессия

 

2023-жылдын 27-декабрындагы № 7

 

Ижара мөөнөттүн узартуу жөнүндө

Жыгач-Коргон айылынын тургуну Койчуманов Байыш Жыгач-Коргон айылынын баш жагындагы суу айдоочу жердин сол жагынан 0,30га жер аянттын өздөштүрүүгө убактылуу ижарага алып оңдоп, түзөп иштетип келе жаткан жердин ижара мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу кайрадан ижара мөөнөттүн узартууга жазган арызын, жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:

 

1. Жыгач-Коргон айылынын тургуну Койчуманов Байыш Жыгач-Коргон айылынын баш жагындагы суу айдоочу жердин сол жак бетиндеги 0,30 га жер аянттын оңдоп, түзөп иштетип келе жаткандыгына байланыштуу ижара мөөнөттүү бүтүп калгандыктан ижара мөөнөттүн 7 (жети) жылдык мөөнөткө узартууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .

4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Н.Калмуратов