ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVII–сессия
2023-жылдын 27-декабрындагы № 8
Улак чабуучу жерге ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Жыгач-Коргон айылындагы улак чабуучу жердин ижара акысынын баасын бекитип берүү жөнүндө жалпы жер маселеси боюнча комиссиянын төрагасы Ж.Адишовдун кайрылуусун угуп, талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жыгач-Коргон айылындагы улак чабуучу жердин ижара акысынын баасы 1 га жер аянтына 500 (беш жүз) сомдон болуп бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |