КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2021-жылдын 5-мартындагы № 3
“Султанова Бурулкандын наамын берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургундарынын кириш № И-110 сандуу 05.03.2021-жылдагы айылдык кеңешке жазган кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары карап талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Калмак-Кырчын айылынын тургуну Исмаилов Ражабалинин үйүнүн тушундагы борбордук жолдон Курманбек баатырдын күмбөзүнө чейин Султанова Бурулкандын наамы ыйгарылсын.
2. Көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Султанова Б. балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |