Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы 

 

 2023-жылдын 27-январы  № 12

 

Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) Уставын бекитүү жөнүндө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тилебек уулу Эмилбектин  “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА)” Уставын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гавриловка айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) Уставы бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн  башчысынын орун басары Тилебек уулу Эмилбекке жүктөлсүн.

Төрага

 

А.Т. Ибраимов

Гавриловка айылдык кеңешинин                                  2023-жылдын “27”__01__

токтому менен бекитилди

№1 тиркеме

 

 

  

 

 

Чүй областынын, Сокулук районунун,

Гавриловка айылдык аймагынын

Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын

УСТАВЫ

 

 

 

 

 

 

 

“_27_”_01__2023-жыл

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                I.                    Жалпы жоболор

1.              Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөн Айылдык

коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: Чүй областынын, Сокулук районунун, Гавриловка айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;

- расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация сельских сообществ» Гавриловского айылного аймака, Сокулукского района, Чуйской области.

2. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: Гавриловка айылдык аймагынын АКИА;

- расмий тилде: ИАСС Гавриловского айылного аймака.

3. Гавриловка айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Сокулук району, Гавриловка айылы, Школьная көчөсү, №19.

4. АКИА өз ишмердүүлүгүн Гавриловка айылдык аймагында жүргүзөт.

5. АКИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.

6. АКИАнын аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625 токтому менен бекитилген Жобого, ошондой эле өздөрүнүн Уставына жана чечимдерине таянат.

7. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке делегаттардын   Конференциясынын чечимин (протоколун), Уставын тапшырат.

8. АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.

 

                                II.                    АКИАнын максаттары жана иш-милдеттери

 

9. АКИАнын түзүлүү максаттары:

- социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

- кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

- калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.

10. АКИАнын иш-милдеттери:

- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;

- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;

- Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жаматтын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;

- эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттарды/инвестицияларды тартуу;

- мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;

- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен объекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык- маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;

- курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;

- калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;

- жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.