Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2024-жыл 06-марты №2/6

 

“Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 12 айында аткарган бардык иштеринин маалыматы жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренсине ылайык, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:

 

1. “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жылы аткарган бардык иштеринин аткарылышы жактырылсын жана 2024-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Муниципалдык ишкананын бюджетин толуктоо, ишинин туруктуулугун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 2512-беренесинен 5 500 000 (беш млн беш жүз миң) сом субсидия которуп берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Которулган каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аткарылган жумуштар боюнча айылдык кеңешине маалыматтарды берүү, муниципалдык ишкананын директору А.Бөрүбаевдин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.

 

4. Таштандыларды жыйноо жана ташып кетүү боюнча тарифтер төмөнкүдөй болуп белгиленсин:

- базардагы жаймалар үчүн 1м2 орунга күнүнө - 40 сом;

- Ооруканалардан 1 орунга - 100 сом;

- Поликлиникалардан жана дарыканалардан 1 жумушчуга – 200 сом;

- Мончолордон жана ажатканалардан 1 орунга 1 айга – 100 сом;

- Жамааттардан бир кожолуктан (жеке үй) 1 айга – 100 сомдон белгиленсин.

 

5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

А.Умаров