Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясынын

 

2024-жыл 06-марты №2/5

 

“Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 12 айында аткарган бардык иштеринин маалыматы жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренсине ылайык айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:

1. “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын 2023-жылы аткарган бардык иштеринин аткарылышы жактырылсын жана 2024-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Муниципалдык ишкананын бюджетин толуктоо, ишинин туруктуулугун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 2512-беренесинен 2 180 000 (эки млн бир жүз сексен миң) сом субсидия которуп берүүгө макулдук берилсин.

3. Которулган каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аткарылган жумуштар боюнча айылдык кеңешине маалыматтарды берүү, муниципалдык ишкананын директору Б.Кулчиновдун жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

А.Умаров