КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын
2023-жылдын 20-январы № 8
Эркин-Тоо айлындагы Акматалиев Мойдун көчөсүндөгү Абдыкадыров Эрмектин жашап жаткан турак жайына ген планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Аталган үйдүн ээси Абдыкадыров Эрмектин салынган үйү кошуналары менен талаш тартыш маселелери менен чечилбей келүүдө, архитектура келип чечилбей жатат. Ал жерге айылдык Кенештин сессиясына сунуш кылып, депутаттардын ген планга өзгөртүү киргизип берүүнү жана турак жайына документ жасаймын деп сурап жаткандыктан, ал жердеги кошуналары менен чыр-чатак жерге талаш-тартыштар көптөн бери чечилбей жаткандыгын жана жогору жактан архитектура келип чече албай, ген планга өзгөртүү киргизүүнү сунуштагандыктан, бул маселени курулуш тармагы, кадастр башкармалыктары чечсин деп айтышып Айылдык Кенештин 7 шайланган 11-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Эркин-Тоо айлындагы Акматалиев Мойдун көчөсүндөгү Абдыкадыров Эрмектин жашап жаткан турак жайына ген планга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун депутаттар колдоого албагандыгы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Темиралиев |