КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын
2023-жылдын 20-январы № 9
Кызыл-Тоо айлына таштанды таштоого жана яма беккерге жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Айыл аймагынын тургундарынын сунуш, талаптарына, азыркы замандын талабына ылайык зарыл болгон таштанды таштоого жана ошол эле жердин жанынан яма бекерге Кызыл-Тоо айылынын этегинен сай тараптан жер участогун бөлүп берүү үчүн Айылдык Кенештин 7 шайланган 11-сессиясы токтом кылат:
1. Айылдын тургундарынын суроо талаптарын эске алып, таштанды таштоого жана яма бекерге Кызыл-Тоо айылынын этегинен сай тарабынан 1500 кв м жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Мырзакматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кенештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Темиралиев |