Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын XХVIII сессиясынын

 

2023-жылдын 28-апрелиндеги № 28

 

“Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” аркылуу лизингге техника алуу жөнүндө

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Алияскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасына (мындан ары МИ) “Айыл Банк” аркылуу лизингге “SZL 135” экскаваторун (коммерциялык сунуштардын негизинде) 58 000 (элүү сегиз миң) АКШ доллары же 5 104 000 (беш миллион бир жүз төрт миң) сомго жылдык 18 % менен 5 жылдык мөөнөткө алынсын;

2. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасына (мындан ары МИ) “Айыл Банк” аркылуу лизингге “HOVA 340” комбайнын (коммерциялык сунуштардын негизинде) 58 000 (элүү сегиз миң) АКШ доллары же 9 300 000 ( тогуз миллион үч жүз миң) сомго жылдык 6 % менен 7 жылдык мөөнөткө алынсын;

3. Лизингге өздүк салым катары техникалардын жалпы баасынын 30 % же 4 321 200 (төрт миллион үч жүз жыйырма бир миң эки жүз) сом “Айыл Банкка” алдын ала которулуп берилсин;

4. Банктын талаптарына ылайык алынган техникалар 169 000 (бир жүз алтымыш тогуз миң) сомго 7 жылга камсыздандырылсын жана ал сумма да “Айыл Банкка” алдын ала которулуп берилсин;

5. Техниканы растаможка кылганга 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сом жана башка чыгымдар үчүн 10 000 (он миң) сом өзүнчө которулуп берилсин;

6. Лизингге алынган насыяны өз мөөнөтүндө пайыздары менен чогуу төлөп берүү Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын бюджетинен жана Ак-Муз айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн жана эки тарапка өз убагында бул милдеттемени аткарууга бирдей милдеттендирилсин;

7. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасына “Айыл-Банктан” лизингге техника алууга жазуу түрүндө уруксат берүүгө, “Айыл-Банк” менен кепилдик келишимин түзүүгө жана кол коюуга жана башка лизингге байланыштуу иш аракеттерди жүргүзүүгө укук берилсин;

8. Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бул токтому Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен алынды;

9. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Адистен уулу К.