КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМУ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VIII чакырылыштагы ) кезектеги XXXII сессиясы
2023-жылдын 2-июнундагы № 32/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 18.04.2023-ж №1-12/587 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын 18.04.2023-ж №1-12/587 кайрылуу каты: 2023-жылдын 1-январына шаардын бюджетинде 2167,0 миң сом калган акча каражатын өздөштүрүү максатында, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 01.06.2023-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары мекеме ишканалардын кайрылуу каттарынын негизинде бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы) кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. 2023-жылдын 1-январына шаардын бюджетинде 2167,0 миң сом калган акча каражаты төмөнкүдөй бекитилип берилсин:
1.1. Шаардык мэрияга жалпысынан 1170,0 миң сом, каралсын анын ичинен:
2215- Башка тейлөлөр -1000,0 миң сом;
2222- Жабдууларды алуу -170,0 миң сом.
1.2.Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 267,0 миң сом каралсын анын ичинен:
2215- Башка тейлөлөр - 160,0 миң сом;
2221- Учурдагы оңдоо иштерине -100,0 миң сом;
2222-Жабдууларды алуу -7,0 миң сом.
1.3. Шаардык китепканасына жалпысынан 66,1 миң сом 2211-берене эмгек акы.
1.4. Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 663,9 миң сом каралсын, анын ичинен:
Бала бакчаларгы 400,0 миң сом
2221-берене- - 400,0 миң сом;
Мектептерге 263,9 миң сом
2222- Жабдууларды алуу - 263,9 миң сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
| З.Байдавлетов |