БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 24-сессиясы
2023-жылдын 1-ноябры № 24-1
Бел айыл аймагынын чүчүк бөлүмүнө жаңыдан курулган спорт залга Кожонов Жанжигиттин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Бел айыл аймагынын Бел айылындагы чүчүк бөлүмүнө жаңыдан курулган спорт залга Кожонов Жанжигиттин ысымын ыйгаруу боюнча айыл тургундарынын 2023-жылдын 23-октябрындагы өткөргөн чогулуштун протоколун карап чыгып, депутаттардын ой-пикирин, сунушун угуп Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына таянып Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагындагы Бел айылынын чүчүк бөлүмүнө курулган спорт залга ат коюу боюнча 2023-жылдын 23-октябрында өткөрүлгөн элдик чогулуштун протоколу бекитилсин.
2. Бел айылынын чүчүк бөлүмүнө жаңыдан курулган спорт залга айыл тургуну Кожонов Жанжигиттин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы Бел айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы “жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Ураимов |