БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 24-сессиясы
2023-жылдын 1-ноябры № 24-2
Бел айыл өкмөтү, 2023-жылдын бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитуу №24-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын Призентинин 2021-жылдын 6-декабырындагы ПЖ №547 Жарлыгын ишке ашыруу максатында,Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартында №137 сандуу Токтомду кабыл алган.Бул токтомдо дыйкан чарбалардын айыл чарба жерлери 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабырына чейин жер салыгынан бошотулган.Жыл сайын республикалык бюджеттен айыл өкмөттөрдун жергиликтуу бюджеттерине компенсация төлөнуп берилет.Быйыл Бел айыл өкмөтунун жергиликтуу бюджетине компенсация катары республикалык бюджеттен кошумча дагы 684,1 мин сом акча каражаты келип тушкөн.Жергиликтуу бюджетке кошумча болгон компесация катары тушкөн акча каражатты мыйзамдуу иштетилишин камсыздоо максатында депутаттардын Бел айылдык кенеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын тогуз айлыкка бекитилген жергиликтуу бюджетине, республикалык бюджеттен бошотулган жер салыгынан компенсация катары төлөнуп берилген 684,1 мин сом акча каражаты планга кошумча киргизилсин.
2. Жогорудагы көрсөтулгөн кошумча тушкөн 684,1 мин сом акча каражаты №1 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токдомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, энергетика, ишмердуулук, кайра иштетуу боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Ураимов |