БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 24-сессиясы
2023-жылдын 1-ноябры № 24-3
Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү №24-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн, 2023-жылга каралган айылдык бюджетинин алты айлык аткарылышынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүндө кээ бир салыктар ашыгы менен, кээ бир салыктар кем аткарылган. Ошондуктан аткарылбаган салыктарды кемитип жылдыруу үчүн тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Бел айылдык кеңешинин экономика бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 115-беренесин колго алып, 4-бөлүгүнүн негизинде депутаттардын Бел айылдык кеңеши карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгынын аткарылышын угуп, атуулдардын кирешелеринен алынган салыктар 1100 000 (бир миллион бир жүз миң) сомго ашыкча түшкөндүктөн, планга кошумча киргизилсин.
2. 70111- башкаруу аппаратынын эмгек акысынан 72,4 (жетимш эки миң төрт жүз) сом, социалдык фондго чегерүүдөн 12,6 (он эки миң алты жүз) сом жалпысы 85,0 (сексен беш миң ) сом акча каражаты алынып 70823-бөлүмүнө жылдырылсын.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн кошумча түшкөн 1100,000 ( бир миллион бир жүз миң) сом акча каражаты №2 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Ураимов |