Редакцияот 21.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 21-январы № 35-2/1

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын  бөлүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын бюджетин бөлүүдө,айлдык Кеңештин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк »  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып  чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл  аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  102-беренесинин 3 пунктуна ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап  чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн  жумуштарга 7768519  сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.

  - 100000 сом     Айыл аймагынын ичин көрктөндүрүүгө.

  - 100000 сом    Айылдык кеңештин шайлоосун өткөрүүгө.

  - 350000 сом     Айыл өкмөткө караштуу социалдык мекемелерди мамлекеттик    камсыздандырууга.

-90000 сом      Федоров айылындагы кароолкананы оңдоого.                         

 - 250000 сом     Жарандык  коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга.

 - 200000 сом     Айыл өкмөтүнүн ички жолдорун оңдоого.                                    

 - 449000 сом     Долбоорлорду  даярдаганга.                                                               

 - 200000 сом     Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн.

 -50000 сом       Жаңы-Базар айылынын ички жолдоруна.             

- 43800 сом       Федоров атындагы  айылынын ички арыктарын тазалоого.                                                                  

-100000 сом     Жар-Коргон айылынын Кара-Бадал ички арыгын тазалоого.            

 -50000 сом       Жаңы-Базар айылынын ички арыктарын тазалоого.       

 -174000 сом     Жаңы-Базар айылына таза суу чыгарууга.     

 -174100 сом     Жаңы-Базар айылынын Байыш участкасынын Ынтымак көчөсүнө мамыча жана чубалгыларды алууга.     

 -150000 сом     Чеч-Дөбө айылынын ички арыктарын тазалоого.

 -838645 сом     Чеч-Дөбө айылынын ички арыгына лоток орнотууга. 

 -842000 сом     Жар-Коргон  айылынын мазарга кеткен көчөгө асфальт төшөөгө.     

 - 1490000 сом   Кожоке айылынын Алчалуу көчөсүнө асфальт төшөөгө.                                                                         

 -633600 сом     Федоров атындагы  айылынын Төш участкасына резервуар курууга.

 -300000 сом    Федоров  айылынын Карабаш участкасынын  таза суу чыгарруга.

 -114000 сом    Федоров айылынын  Б.Эркебаев, А.Төрөев, Н.Кудайкулов көчөлөрүнө  мамыча алууга.

200000 сом   7-ҮБДТнун чатырын алмаштырууга өздүк салым үчүн.

235000 сом   Федоров атындагы  айылынын  таза суусуна насос алууга. 

244374 сом   К.Жолдошов атындагы орто мектебинин жарыктандыруусуна жана  мамлекеттен келген 20 компьютерлерди        орнотууга.                                                  

110000 сом   Байыш атындагы орто мектебине  мамлекеттен келген 20  компьютерлерди орнотууга жана башка.

- 280000 сом   А.Чынгараев атындагы, Алтын-Казык, Кожоке, М.В.Ломоносов атындагы орто мектептерине мамлекеттен келген компьютерлерди  орнотууга.

2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин  мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча» туруктуу комиссиясы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

Төрага:

 Н. Жолдошов