Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 21-январы № 35-3
“Акинай гүлү ” балдар бакчасына жер ажыратып берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылындагы К.Жолдошов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын “Мектептин карамагындагы алма багы 41 сотых болгон жер тилкесин “Акинай гүлү ” балдар бакчасына ажыратып берүү жөнүндөгү” 2023-жылдын 19-январындагы № протоколуна негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылындагы К.Жолдошов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын “Мектептин карамагындагы алма багы 41 сотых болгон жер тилкесин “Акинай гүлү ” балдар бакчасына ажыратып берүү жөнүндөгү” 2023-жылдын 19-январындагы № протоколу канааттандырылып, “Акинай гүлү ” балдар бакчасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. К.Жолдошов атындагы орто мектебинин карамагындагы алма багы 41 сотых жер тилкесин “Акинай гүлү ” балдар бакчасына ажыратып берүү үчүн тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.
3. Жаңы курулган балдар бакчасына ишке берилген соң, эски мектептин жарактуу имараты мектеп балансына калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жолдошовго жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Жолдошов |