Редакцияот 21.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 21-январы № 35-4

 Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон , Кожоке, Федоров айылындагы көчөлөрдүн  атын өзгөртүү жана аты жок көчөлөрүнүн атына ат коюу жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон ,Кожоке, Федоров айылындагы көчөлөрдүн атын өзгөртүү жана аты жок көчөлөрүнүн атына ат коюу жөнүндө  айыл башчылардын билдирүүлөрү жана тургундардын кайрылууларына негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон , Кожоке, Федоров айылындагы көчөлөрдүн  атын өзгөртүү жана аты жок көчөлөрүнүн атына ат коюу жөнүндө  айыл башчылардын билдирүүлөрү жана тургундардын кайрылуулары канааттандырылсын.

2. Кожоке  айылындагы Алчалуу көчөсүнүн аты Исабаев Закирбайдын атына, Мырза-Дөбө көчөсү Аманов Токтогулдун атына, Федоров айылындагы Бак-1 көчөсүнүн аты «Сулайман -Ата»  атына өзгөртүлсүн жана Жар-Коргон айылынын аты жок көчөлөрүнө Кулушов Сыдыктын жана Эшкулов Таштандын   аты ыйгарылсын.

3. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон , Кожоке, Федоров айылындагы  аты өзгөртүлгөн жана  жаңыдан ат коюлган  көчөлөрдүн иш кагаздарын даярдоо үчүн  «кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан уруксат алуу айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго жана айыл башчыларга  милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология   боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Н. Жолдошов