Редакцияот 21.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 21-январы № 35-5

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлгөн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планын бекитүү» жөнүндө экономист-статист Н.Доорановдун билдирүүсүнө негиз,  Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлгөн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планы» бекитилсин.

2. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында түзүлгөн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планы» менен иш алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

.3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы, Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин социалдык –маданий, билим берүү, миграция, туризм,жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Карыбековго жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Н. Жолдошов

Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин  

7-чакырылышынын  кезектеги

 35-отурумунун  № 35-5- токтомуна 

№ 1 тиркеме

 

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн «2023-2027-жылдарга стратегиялык планы

           

Кыргызстанда акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу , салык салуу, коомдук коопсуздук тармагында, калктын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган бир катар реформалар журуп жатат. Алардын жыйынтыгы катары бир топ жетишкендиктер болду, бирок буга карабастан , бугунку куну олуттуу проблемалар айыл аймактарында дале чечилбей келүүдө, мисалы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты: мектепке чейинки жана мектептеги билим алуу мүмкүнчүлүгү, медициналык кызматтардын шарттары жана чектелгендиги; коомчулук үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындыктын жоктугу; экономикалык өнүгүүнүн туруксуздугу жана алсыздыгы; калктын жашоо-турмуш деңгээли төмөндүгү; жакырчылык денгээлинин айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жогору болуусу;   инфраструктуранын жана жашоо шарттарынын начардыгы.

Айыл аймактарында жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн максатуу багытталган, конкреттүү жана реалдуу иш аракеттерди камтыган стратегиялык программа иштеп чыгуу жана иш жүзүнө  ашыруу зарыл.

Айыл аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык, адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка бардык резервдерди жана ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүнүн модели өз алдынча өнүктүрүүдөгү системалуулукка, комплекстүүлүккө жана теңдештикке карай умтулууну максаттайт. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү адам баалуулуктарын жана жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануунун призмасы аркылуу экономикалык өсүштү кароону сунуштайт.

Бул максатка жетүү үчүн, жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын аймактын экономикасына активдүү тартуу талап кылынат. Калктын ишмердүүлүгүнөнүктүрүүгө ар тараптуу шарттар түзүлөт, колдоолор жүргүзүлөт.

Н.Исанов  айыл аймагынын социалдык экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жашоо денгээлин жогорулатуу максатында Стратегиялык Өнүгүү Планы иштелип чыгылды. Бул Стратегиялык Өнүгүү Планы, айыл аймагынын Жергиликтүү Өнүгүү комитетеринин мүчөлөрү менен биргеликте, Туруктуу өнүгүүнун максаттарына таянып, 2023-2027 жылдардын мезгилине КР региондук саясатынын концепциясы  жана “Өкмөттүн 2023-2027-жылдардагы программасын” жетекчиликке алуу менен, айыл аймагынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жергиликтүү калктын жана адистердин пикирлерин эске алып, терең талдоо аркылуу иштелип чыгылды. 

Бул айыл аймактын Стратегиялык Өнүгүү Планы орто мөөнөттүү жана 2023-2027 -жылдарды гана камтыйт. Алыскы мөөнөттөгү Стратегиялык максат катары “Калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу, экономикалык жана социалдык туруктуу өнүгүүнү  камсыз кылуу” болуп белгиленген.

 

 

 

I-БӨЛҮМ

Н Исанов атындагы айыл аймагы жөнүндө кыскача маалымат

1.1 Түзүлүүсү  жана административдик-аймактык бөлүнүүсү:

 

Н Исанов атындагы Айыл өкмөтү 1996-жылдын май айында “Н Исанов” Айылдык комитетинин базасында түзүлгөн. Н Исанов  Айылдык аймагы (кийин АА) 5 калктуу конуштан туруп, баары официалдуу статуска ээ. Н Исанов АА чыгыш тарабынан Кок Бел АА,  батыш тарабынан Кенеш АА, ал эми түндүк тарабынан Папан АА менен чектешет. АА борбору Жаны Базар айылы.

 

1.2 Аймагы: