Загрузка документа…
КОШ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралындагы № 5
"Кош-Коргон айылына Фельдшердик Акушердик бөлүмүн (ФАП) курууга Макулдук берүү тууралуу"
Кош-Коргон айылына Фельдшердик Акушердик бөлүм (ФАП) курууга сунуш кылынган айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын карап чыгып жана депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Кош-Коргон айылдык Кеңеши –
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылына Фельдшердик Акушердик бөлүмүн курууга 0,05 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Кош-Коргон айылдык Кеңешинин Токтому массалык маалымат каражатына жарыялансын.
3. УШУЛ ТОКТомдун көзөмөлгө алуу ишин Кош-Коргон айылдык Кеңешинин туруктуу жер комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Кош-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасы |
| Шамшидин уулу Э. |