АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жыл 20-февралы №1/3
“Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеӊеши” мекемесин түзүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрция жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жѳнүндѳ» Жобону жетекчиликке алып, Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл Кенеши, Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл Кенеши жана Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешин бириктирүү жолу менен “Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
1.1 Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси.
-Расмий тилде Учреждение «Айылный кенеш Ала-Букинского айылного аймака».
-1.2 Кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде “Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңеши” М-и.
-Расмий тилде: У-е «Айылный кенеш Ала-Букинского айылного аймака».
2. «Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеӊеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, М.Мамырбеков кѳчѳсү №52 болуп аныкталсын.
3. «Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеӊеши» мекемесинин убактылуу жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштѳѳдѳгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.
5. Токтомдо кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
6. Токтом жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
7. Аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын
Төрага: |
А.Умаров |