Редакцияот 21.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 21-январы № 35-6

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын  тургундары  Жакыпов Таирбектин 0,10 га жер тилкесин,  Жуманазаров Маматкалылдын   жеке менчигиндеги  0,12  га тилкесин турак жайлары  менен өз менчигине бекитип берүү жөнүндө                 

 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургундары  Жакыпов Таирбектин 0,10 га жер тилкесин,  Жуманазаров Маматкалылдын   жеке менчигиндеги  0,12 га тилкесин турак жайлары  менен өз менчигине бекитип берүү жөнүндө билдирүүлөрүнө жана   ”Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2022-жылдын 22-декабрындагы №8622 жана 2022-жылдын 22-декабрындагы №8141 сандуу маалыматына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин”  13-32-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-бөлүмүндө, айылдык аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында ишинин уюштуруу укуктук негиздеринин 50-беренесинин 6-пунктуна ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап,  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.   Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын  тургундары Жакыпов Таирбектин 0,10 га жер тилкесин, Жуманазаров Маматкалылдын   жеке 0,12  га тилкесин турак жайлары менен өз менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2.   Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын  тургундары  Жакыпов Таирбекке тиешелүү  0,10 га жер тилкесин,  Жуманазаров Маматкалылга   тиешелүү  0,12  га жер  тилкесин мыйзамдуулугун карап, менчике бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жолдошовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 Н. Жолдошов